Казакстанда катуу бороондо калган аялдын жана небересинин сөөгү табылды

Казакстанда кардуу бороондо калып, дайыны белгисиз болуп жаткан пенсионер аялдын жана 11 жаштагы небересинин сөөгү табылганын 27-декабрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак кызматы өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Костанай облустук башкармалыгынын маалыматына таянып кабарлады.

Мекеме билдиргендей, алар 26-декабрда эртең менен Костанай районунун Айсары айылдык округуна караштуу Степное айылынан чыгып, Айсары айылына Костанай аркылуу бармай болушкан. Костанайдан азык-түлүк сатып алышмак.

Ошол күнү аймакты катуу бороон каптап, жүзгө жакын айыл электр жарыгысыз калган.

Аялдын жана небересинин сөөгү өзүлөрү жашаган айылдын четинен 27-декабрда табылды.

Полиция алар бороондо үшүп каза болгонун билдирди.

Костанай Казакстандын түндүк-батышында жайгашкан аймак. Кышкысын ал жакта суук катуу болот.

28 Декабрь 2023 жыл 10:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча