Кеминде пенсионерди бычактап өлтүрүүгө шектүүлөр колго түштү

Кемин шаарында 66 жаштагы жарандын өлүмүнө шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-январда саат 13:10 чамасында милицияга Кемин шаарындагы үйлөрдүн биринен кишинин сөөгү табылганы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ көптөгөн бычак жаракаттарынан улам каза болгон 1960-жылы туулган А.А. аттуу жарандын сөөгүн табышкан.

Иликтөө иштери көрсөткөндөй, кылмыш болгон түнү маркум тааныштарынын үйүндө конокто болуп, чогуу спирт ичимдигин ичип отурушкан. Ортодо чыккан чырдан улам кандуу окуя орун алган. Кылмыш жасалгандан кийин шектүүлөрдүн бири окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Издөө иштеринен кийин 1960-жылы туулган Б.Т. жана С.К. кармалды.

Аталган факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда.

14 Январь 2026 жыл 14:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча