Кемпир-Абад иши: Прокурор айыпталуучуларга 20 жыл сурады

Айыптоочулар Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылууну сурады.

10-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан отурумда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сурады.

Бул маалыматты “Азаттыкка” ушул иш боюнча шек саналып жаткан Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова ырастады. Прокуратура менен Бишкектин Биринчи май райондук соту комментарий бере элек. Сот жараяны жабык өтүп жаткандыктан азырынча кенен маалымат жок.

10 Июнь 2024 жыл 12:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча