Кемпир-Абад иши: Шаменов сот залынан күч менен чыгарылды

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып абакта жаткан жарандык активист Илгиз Шаменов (Илгиз Сарылдык уулу) сот залынан күч менен чыгарылды.

Аны конвойлор колунан кармап күч менен залдан чыгарып бараткан видеону адвокат Эркин Саданбеков жана ушул эле иш боюнча шек саналып жаткан Гүлнара Журабаева Фейсбуктагы баракчаларына жарыялады.

Дагы бир шектүү Айбек Бузурманкулов судья Марат Сыдыков Илгиз Шаменовду сот залынан чыгаруу боюнча токтом кабыл алганын, бирок ал жазуу жүзүндө колго тие электе эле конвойлор Илгиз Шаменовду чыгарып жатканын айтты.

27 Март 2024 жыл 12:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча