Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, 29нан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалдыгы жогору.
Бул күндөрү жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактар:
ӨКМ алыс жолго аттанган айдоочуларды жолдо этият болууга чакырат. Өзгөчө кырдаал катталса, же күбө болсоңуз «112» кызматына байланышыңыз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.