Өкмөт өкүлү күйүүчү майдын кымбатташына жол берилбей турганын айтты

Кыргызстанда күйүүчү май баасынын көтөрүлүшүнө жол берилбейт, бул маселе Министрлер кабинетинин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов 13-мартта журналисттерге билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу баа тобокелчиликтери изилденип чыкты:

«Баалардын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Биздин негизги күйүүчү май жеткирүүчүбүз Орусия жана бизге бөлүнгөн квоталар бар. Орусия тышкы таасирлерге карабастан күйүүчү май биздин рынокко кадимки тартипте жеткирилерин убада кылууда», — деди Сейитов.

Министрдин орун басары ошондой эле жазгы айдоо иштери учурунда дыйкандар үчүн дизелдик күйүүчү майга да тийиштүү чекте баа белгиленгенин кошумчалады. Ал ишкерлерден күйүүчү майдын баасын жер-жерлерде да көтөрбөөгө чакырып, бул элдин капчыгына урулган сокку болорун жана инфляциянын күч алышына алып келерин белгиледи.

Буга чейин Кыргызстандын Монополияга каршы тескөө кызматы өлкөдө күйүүчү май көйгөйү жоктугун билдирген.

13 Март 2026 жыл 15:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча