«Өкмөт келсе үнүңөр чыкпай калат». ЖКда депутаттар кайым айтышты

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар ортосунда кайым айтыш орун алды.

10 мүнөттүк сөз алып, трибунада сүйлөп жаткан депутат Эрулан Көкүлөв кесиптештерине нааразы болду.

«Түшүнөм, көбүңөргө Кыргызстандын келечеги керек деле эмес, бирок тынч отуруп берип койгулачы», — деди Эрулан Көкүлов кесиптештерине.

Мындан кийин ага Акылбек Түмөнбаев жооп кайтарып, эл өкүлдөрү кайым айтыша кетти. Анын жүрүшүндө Көкүлов Жогорку Кеңештин депутаттарына сын айтты.

“Өкмөт келсе үнүңөр чыкпай калат, тизилип отурасыңар. Мен силерге видеофакты менен беш секундда көрсөтүп берем”, — деди Көкүлов.

Соңунда ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Көкүловду жалпы парламентке сөз тийгизбөөгө чакырып, өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосуна депутат от жакпаш керектигин белгиледи.

11 Сентябрь 2025 жыл 11:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча