ӨКМ Түштүк Кореядан эки жүк ташуучу тик учак сатып алат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түштүк Кореядан эки жүк ташуучу тик учак сатып алууну карап жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетoв Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди.

Азамат Мамбетов анда жаңы тик учактар куткаруу бөлүмдөрүнүн ыкчамдыгын арттырып, алыскы жана барууга кыйын аймактарга гуманитардык, материалдык-техникалык жүктөрдү жеткирүүнү жеңилдетерин белгилеген.

Учурда ведомстводо үч аскердик тик учак бар.

“Акыркы беш жылда министрлик 7 млрд сомдон ашык каражатка 670 даана техника сатып алган. Эми дагы эки тик учак алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, — деген ал.

13 Февраль 2026 жыл 13:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча