Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникаларды тапшыруу аземи өттү.
Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигин мамлекеттик бюджеттин жана кошумча гранттын эсебинен алынган жаңы техникаларга ээ болушу менен куттуктады.
Анын айтымында, бул техникалык каражаттар өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, кесепеттерин жоюуга жана өздүк курамдын коопсуз жана ыкчам ишмердүүлүгүн камсыздоого шарт түзөт.
Белгилей кетсек, бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 атайын техника тапшырылып, бөлүнгөн каражаттар министрликтин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган.