Кочкор-Атада сел жүрүп, өспүрүм баланын өмүрү кыйылды

Кочкор-Атада саат 17:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттон аккан суу чогулуп, сел жүргөн.

Мунун кесепетинен Эски Кочкор-Ата айылынын тургуну, 10 жаштагы өспүрүм селге агып, каза болгону маалымдалды.

Баланын сөөгүн жергиликтүү тургундар саат 19:10до таап, жакындарына өткөрүп беришти.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүлүп жатат. ӨКМ кызматкерлери жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, сел каптаган аймактагы тургундар эвакуцияланууда.

18 Июнь 2024 жыл 9:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча