Бишкекте 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт.
Бишкек шаардык кеңешинин маалыматына ылайык, токтомдун долбооруна БШКнын төрагасы Куванычбек Конгантиев бүгүн кол койгон. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
30-январдан тарта накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот.
Маршруткаларда болсо төлөм 20 сомду түзөт