“Коён” деген каймана аты бар Низамов кайра кармалды

Ички иштер министрлиги кылмыш чөйрөсүндө “Коён” деген каймана аты бар Майрамбек Низамов акча опузалап талап кылууга шек саналып кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл январда Ош шаарынын тургуну милицияга кайрылып, эки киши аны коркутуп 70 миң сомун алып койгонун билдирген. Андан соң алар дагы 200 миң сом талап кылып жатканын, бул суммадагы акчаны бербесе, ар-намысына шек келтирген маалыматты таратабыз деп коркутканын айтып арызданган.

Бул боюнча Кара-Суу райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен кылмыш иши козгогон.

Шектүүлөрдү кармоо үчүн 16-январда операция дайындалып, алар Ош шаарындагы соода борборлорунун биринин автоунаа токтотуучу жайында милицияга кайрылган жарандан 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.

Ал буга чейин кылмыш дүйнөсүнүн мүчөсү катары милициянын каттоосунда турган «Коён» каймана атка конгон, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургуну Майрамбек Низамов экени аныкталды. Ал милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда кылмыштын катышуучуларын кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тергөө уланууда.

18 Январь 2024 жыл 14:13

Тема боюнча