“Крокус ситидеги” кандуу кол салууга шек саналган дагы бир шектүү кармалды

Москва шаарындагы Басман райондук сотунун чечими менен “Крокус ситидеги” кандуу кол салууга шек саналган Жумахон Курбонов 27-апрелде камакка алынды.

Тажикстандык бул жаранга теракт уюштурууга байланыштуу айып коюлду.

Тергөө материалдарына ылайык, Курбонов «терордук кол салууга керектүү акча берип, телефон байланышы менен камсыздап турган».

“Крокус ситидеги” куралдуу кол салууга шектүү 13-адам – Курбонов колго түшкөнү 26-апрелде белгилүү болгон. Ал кандай жагдайда кармалганы, күнөөсүн мойнуна алып-албаганы белгисиз.

29 Апрель 2024 жыл 9:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча