Кудайберген базарынан өрт чыкты

Бишкек шаарынын Лумумба жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 12 бөлүм жана штаб тартылган. Мындан сырткары РЭТен 1 бригада ИИМден 4 экипаж жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынан 3 суу ташуучу унаа тартылган.

Өрт 06:04тө чектөөгө алынды. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

25 Февраль 2025 жыл 10:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча