Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондун жетектейт

Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” фонддун басма сөз кызматы ырастады. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору болгон. Бул кызматтан былтыр жыл башында кеткен.

Министрлер кабинети Кудрет Тайчабаровго 2021-жылы парламенттик шайлоодо бир тууган карындашы Адинай Марипованы ачык сүрөгөн деген негиз менен сөгүш берген.

Туризмди өнүктүрүү фондун буга чейин Абылкасым Шерниязов башкарып келаткан. Ага чейинки директору Елена Калашникова 2023-жылы коррупцияга шек саналып кармалып, июль айында үй камагына чыккан.

Фонд 2022-жылы ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу, аймактарда туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүү максаты менен түзүлгөн.

20 Март 2024 жыл 12:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча