Кулак-мурду кесилген келинге Стамбулдан операция жасалат

Күйөөсүнөн зомбулук көргөн Асел Ногойбаевага Стамбулда операция жасалат. Бул тууралуу анын эжеси Диана Елькен билдирди.

Анын айтымында, түрк клиникасы Асел Ногойбаеваны кабыл алууга даяр.

Белгилүү болгондой, быйыл 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Азамат Эстебесов аттуу жаран кармалган.

Аселдин операциясы үчүн акча топтолуп, атайын акциялар өткөрүлдү.

8 Декабрь 2023 жыл 10:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча