“Кумтөр” ишканасынын былтыркы кирешеси $1,4 млрд түздү

 «Кумтөр» ишканасынын былтыркы кирешеси 1,434 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетунда айтылат.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Кумтөрдө 12 миң 81 кг алтын казылып алынган. Компаниянын 2025-жылдагы кирешеси 1 млрд 434 млн АКШ долларын түзүп, ал эми таза пайдасы 706 млн АКШ долларынан ашты.

Бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 246,5 млн АКШ доллары которулду. Ошондой эле 2025-жыл үчүн дивиденд түрүндө 300 млн АКШ долларын төлөө чечими кабыл алынган.

1 Апрель 2026 жыл 17:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча