«Кумтөрдүн» таза кирешеси 59 млрд сомдон ашты

Мурун миллиондорго таң калып жашачу элек, бүгүн болсо миллиард деген көрсөткүч кадимки нормага айланып баратат. Бул да мамлекеттин мүмкүнчүлүгү кеңейип жатканын көрсөткөн белги. Бул тууралуу серепчи Тимур Саралаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Буюрса, эртең триллион деген деңгээлди да көрчү күндөр кадимки эле көрүнүш болуп калсын.

Кумтөр боюнча айта турган болсом, быйыл жагымдуу факторлор дал келди: алтындын дүйнөлүк баасы өстү, өндүрүштүк көрсөткүчтөр туруктуу болду, эң башкысы жамаат чоң жоопкерчилик менен иштеп берди.

Натыйжада компаниянын кирешеси 124 млрд 216 млн сомду түздү, анын ичинен таза киреше 59 млрд сомдон ашты.

Бул системалуу туура башкаруунун, талыкпаган эмгектин жана мамлекеттик кызыкчылыктын айкалышынан жаралган жыйынтык», — деп жазды ал.

29 Декабрь 2025 жыл 16:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча