Курман айт намазы Таласта тынч өттү

Курман айт намазы Таласта тынч өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн 16-июнда Талас облусунун аймагындагы 100дөн ашуун мечитте “Курман айт” намазы окулду. Облустагы коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун 400гө жакын милиция көзөмөлгө алууда.

Айт намазы учурунда облус аймагында одоно тартип бузуулар катталган жок.

16 Июнь 2024 жыл 8:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча