Куткаруучулар Төө-Ашууда унаасы бузулуп калган жаранга жардам көрсөттү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдришкендей, Бишкек – Ош унаа жолундагы К.Көлбаев атындагы Төө-Ашуу туннелинде унаасы бузулуп калган жаран куткаруучулардан жардам сурап кайрылган. Аталган дарекке нөөмөттө турган 3 куткаруучу тартылган.
Айдоочунун жүрбөй калган унаасы куткаруучулар тарабынан ашуунун түштүк тарабына тартып чыгарылган. Ал жаран Бишкек – Баткен багыты боюнча бара жаткан.