Бишкекте мыйзамсыз иштеген «Хидальго», «Решение», «Бишкек-Маяк» реабилитациялык борборлорунун иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Реабилитациялык борбордун кызматкерлери бейтаптарды электрошокер менен кыйнап, байлап жана обочолоп, физикалык-психологиялык басым көрсөтүп келишкен.
Мындан тышкары, аталган борборлордо бейтаптарга колдонууга тыюу салынган күчтүү таасир этүүчү психотроптук препараттар табылган.
Көрүлгөн чаралардын негизинде соттун чечими менен реабилитациялык борборлордун директорлорунун жана кызматкерлеринин ичинен Э.у.Ч., К.К.Б., Р.Ф.С., Ж.А.Ж., К.Э., Р.В.Г. жана М.А.А. аттуу 7 адам кармалып, камакка алынган.
Мындан тышкары, «Бишкек-Маяк» реабилитациялык борборунда дарыланып жаткан эки бейтаптын өлүмү аныкталган.
Азыркы учурда атайын кызмат тарабынан бул адамдардын өлүмүнүн бардык жагдайларын аныктоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын негизинде юридикалык баа берилет.