Бишкекте кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы жана өнөр таймашы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз эл жазуучусу жана драматург Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият министри Мирбек Мамбеталиев катышты. Министр өз сөзүндө Бексултан Жакиев кыргыз руханий дүйнөсүндө өзгөчө орду бар залкар инсан экенин белгилеп, анын чыгармачылыгы улуттук адабияттын алтын казынасына айланганын айтты. Ошондой эле ал айтыш өнөрү кыргыз элинин тарыхын, дүйнө таанымын жана руханий баалуулуктарын муундан-муунга жеткирген улуу мурас экенине токтолду.
Айтыш өнөрүн даңазалаган маданий иш-чарага эки элдин белгилүү төкмө акындары катышып, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги чыгармачылык таймаш тартуулашты. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук сөз өнөрү, төкмөлүк салт жана эки элдин руханий байланышы кеңири даңазаланды.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен төмөнкү акындар байгелүү орундарга ээ болушту:
Баш байге:
1-орун:
2-орун:
3-орун:
Атайын сыйлык:
Мындан тышкары, “Айтыш” коомдук фонду тарабынан Бексултан Жакиев, Элмирбек Иманалиев, Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев жана Эстебес Турсуналиев атындагы атайын сыйлыктар тапшырылып, ар бир сыйлыктын ээлерине 50 миң сомдон байге берилди.