Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кытайда Жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:

«Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункту — 15-февраль саат 20:00дөн 19-февралга чейин;
«Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту — 17-февралдан 20-февралга чейин.
Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү:

«Эркечтам» пункту аркылуу — 19-февраль саат 08:00дөн;
«Торугарт» пункту аркылуу — 20-февраль саат 08:00дөн баштап жанданат.

Чек ара кызматы жарандарды жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын мамлекеттик чек арадан өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранат.

10 Февраль 2026 жыл 15:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча