Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кытай тараптын демилгеси менен Кытайда жаз майрамы белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү жайлары 10-февралдан баштап 12-февралды кошуп алган мезгил аралыгында жабык болот

“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрүү жайлары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2024-жылдын 13-февралынан баштап жанданат.

7 Февраль 2024 жыл 17:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча