Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттери бир күнгө убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркештам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери 2024-жылдын 1-январында убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жыл майрамдаларына байланыштуу жабылат.

Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 2-январда калыбына келтирилет.

КР УКМК Чек ара кызматы эскертет:

«Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары штаттык режимде иш күндөрү – дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин иштебейт;
эс алуу күндөрү – ишемби жана жекшемби күндөрү КӨЖнан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотулат.

28 Декабрь 2023 жыл 19:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча