Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген тийиштүү делегациялардын кезектеги жолугушуусу болду.
«Кабар» агенттигине райондук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Баткен районунун Орто-Боз айылы менен Тажикстандын Хочаи-Аъло айылына чектешкен Төрт-Көчө жерлигинде өткөн.
Жолугушууда бир нече көйгөйлүү маселелер ортого салынып, төмөнкүлөр боюнча макулдашууга жетишилди:
Райондук администрациядан кошумчалашкандай, учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.