Кыргыз-өзбек чек арасындагы 3 өткөрүү пункту күнү-түнү иштей баштайт

Бүгүн, 20-майдан тартып Баткен облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан үч өткөрүү пункту күнү-түнү (24 саат) иштей баштайт. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төмөнкү өткөрүү пункттары үзгүлтүксүз иштөө режимине өттү:

  • «Кадамжай – автожол»;
  • «Чечме – автожол»;
  • «Ак-Кыя – автожол».

«Өткөрүү пункттарынын иш тартибин өзгөртүү жайкы туристтик сезон учурунда чек арадан өтүп жаткан жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт. Мындай режим үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин күчүндө болот», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, аталган өткөрүү пункттарынан бир гана Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары өтө алышат.

20 Май 2026 жыл 15:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча