Кыргызстан 5 айда сыртка 100 миңден ашык мал-жандык экспорттоду

Январь-май айларында Кыргызстан чет өлкөлөргө 103,4 миң баш мал-жандык сатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Мал-жандык экспорту боюнча маалымат:

бодо мал – 55 073 баш;

кой-эчки – 43 954;

жылкы – 4 331.

Ошол эле учурда январдан майга чейин 8,3 миң баш мал өлкөгө кирген.

Мал-жандык импорту боюнча маалымат:

бодо мал – 6 195 баш;

кой-эчки – 200;

жылкы – 1 879.

Мал кайсы мамлекеттерге сатылып, кайсы өлкөдөн алынганы боюнча маалымат берилген эмес.

Белгилей кетсек, былтыр өлкөдөн 33,5 миң төрт түлүк мал экспорттолгон.

4 Июнь 2024 жыл 9:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча