Кыргызстан – Иран беттеши. Оюн Ала-Тоо аянтында түз эфирде көрсөтүлөт

5-сентябрда Ала-Тоо аянтында Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев социалдык тамактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын маалыматына караганда, оюн саат 22:00дө башталат.

«Беттеш Ала-Тоо аянтында лэд экранда түз эфирде көрсөтүлөт», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, футбол беттеши 2026-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатынын тандап алуу турунун алкагында өтөт.

2 Сентябрь 2024 жыл 11:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча