Кыргызстан Иранга 3:2 эсебинде утулду

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан – Иран футбол беттеши болуп өттү.

2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында өткөн беттеште 3:2 эсеби менен Иран Кыргызстандын командасын утту.

Кыргыз курамасынан 2 голду тең чабуулчу Жоэль Кожо киргизди.

Оюнга президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү күйөрмандык кылышты.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстан курамасынын 2024-жылдагы акыркы оюну. Кийинки оюндар ушул эле дүйнө чемпиондугуна тандап алуу алкагында жаз айында өтөт.

19 Ноябрь 2024 жыл 22:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча