Кыргызстан – Малайзия беттеши. Бишкектин борборунда эки көчө жабылат 

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Малайзиянын футбол боюнча курама командаларынын беттеши орун алат.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, алдыдагы беттешке байланыштуу борбор калаада саат 14:00дөн баштап иш-чара аяктаганга чейин унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат.

Ошентип, төмөнкү көчөлөрдүн тилкелери жабылат:

  • Фрунзе көчөсү Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;
  • Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамдарды алдын ала пландаштырууну суранат.

6 Июнь 2024 жыл 14:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча