Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамаларынын беттешини аяктады.
Эсеп 1:1, оюн Кыргызстан жана Оман курамаларынын тең чыгуусу менен аяктады.
Мелдеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде өтүүдө.
Белгилей кетсек, футбол боюнча улуттук курамалар 2026-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2027-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын экинчи раундунун жыйынтыктоочу турунун алкагында оюн өткөрүүдө.
Буга чейин Кыргызстандын курамасы Малайзия командасы менен кез келип, оюн тең чыгуу менен аяктаган.