Кыргызстан менен Сириянын футбол курамалары контролдук беттеш өткөрдү.
Оюн 5-январда Дубайдын «Шабаб Аль-Ахли» стадионунда тараптардын макулдашуусу боюнча жабык режимде өттү.
Кыргыз футболдук союзунан билдиришкендей, беттеш улуттук кураманын 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында өтүп, расмий эмес жана машыгуучу мүнөзгө ээ болду.
Оюн 1-1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Улуттук кураманын жалгыз голун оюндун 48-мүнөтүндө Айзар Акматов киргизди.
«Ак шумкарлардын» Азия биринчилине болгон даярдыгынын алкагында кийинки беттеш Вьетнам курама командасы менен 9-январда Катарда өткөрөт.