Кыргызстан жарым жылда 400 млн. долларга алтын экспорттоду

Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстан 405,8 долларга 5 тонна 684,3 килограмм алтын экспорттогонун Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашты.

2023-жылдын ушул мезгилинде өлкө 4 тонна 819,8 килограмм баалуу металл саткан.

Алтын алган өлкөлөр:
Улуу Британия — 2 тонна 850,8 килограмм;
Гонконг (Кытайдын атайын административдик району) — 1 848,5 кг.;
Швейцария — дээрлик 971,5 кг.;
БАЭ — 13,5 кг.

Талдоо көрсөткөндөй, май айында Улуу Британияга 1,4 тоннадан ашык алтын сатылган.

Маалыматтар ыкчам алынганын, тагыраагы, алдын ала берилгенин эскертебиз.

20 Август 2024 жыл 9:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча