Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 264 жасалма уруктандыруу пунктары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору Жаныбек Керималиев билдирди.
Анын айтымына караганда, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, 84 миң 778 баш уй-кунаажын уруктандыруудан өткөрүлдү.
«Бул көрсөткүч 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу (82 384) 2 394 башка көп уруктандырылды», — деди ал.