Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык 10-11-мартта Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 10-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, 11-мартта мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
Абанын температурасынын төмөндөшү (11-12-март):
«Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын учурунда жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылын татаалдаштырат», — деп айтылат маалыматта.