Кыргызстанда акыркы бир жылда суу чарба секторуна 80 млн доллар бөлүндү

Кыргызстанда акыркы бир жылда суу чарба секторуна 80 млн долларга жакын каражат бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, соңку 5 жылда бул тармакка бюджеттен 259 млн АКШ доллары багытталган, бул өлкөнүн жылдык бюджетинин 2%ын түзөт.

“Бул каражаттар жана чаралар эскирген инфраструктураны жакшыртуу, натыйжалуу жана заманбап системаны куруу үчүн жетишсиз”, — деди Садыр Жапаров.

22 Апрель 2026 жыл 17:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча