Кыргызстанда алгачкы жолу Кореядан унааларды сатып алуу түз аукцион менен ишке ашат. Бул тууралуу чет өлкөлөрдөн унаа алып келүү ортомчулугун кылган компаниялардын биринин негиздөөчүсү Аскарбек Сапарбек уулу өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, эгер бул маселе ишке ашып калса жарандар унааларды Кореяда түз аукцион менен алып, акчаларын да үнөмдөй алышат.