Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гепатиттин В түрү жокко эсе. Бул ушул курактагылардын басымдуу бөлүгүнүн эмдөөдөн өткөндүгү менен түшүндүрүлөт, деди медицина илимдеринин доктору, гепатолог Калыс Ногойбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде.
Анын айтымында, улуттук календарь боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайларга сарыкка каршы эмдөө жасалат. 2000-жылдан бери жасалган эмдөөнүн натыйжасында бүгүнкү күндө өлкөдө гепатиттин В түрү жокко эсе.
«Кыргызстанда гепатиттин A, B, C, D жана E түрлөрү бар. Улуттук календарь боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайларга гепатитке каршы эмдөө жасалат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гепатиттин В түрү жокко эсе. Кээ бир балдардан чыгып атат, бирок аз санда. Алар учурунда эмдөө албаган балдар болууда. Ошондой эле биз эмделген балдардын арасында дагы изилдөө жүргүздүк. Алардын арасында дагы гепатит менен ооругандар чыкты. Бирок, алар эмдегенге чейин түйүлдүк кезинде энесинен жуктуруп алган балдар болууда. Жалпысынан алганда бүгүнкү күндө гепатиттин В түрү жокко эсе»,-деди ал.
Дарыгер белгилегендей, гепатиттин бул түрү төмөндөгүдөй учурларда жугат:
Маалымат үчүн: Гепатит же сарык оорусу — боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Илдет А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт. Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Башкача айтканда, илдеттин бул түрү өнөкөткө айланып кетпейт, аны убагында жакшылап дарыласа адам толугу менен айыга алат. Бул түрүн мурда «боткин» деп да атап коюшкан. Ал эми гепатиттин В, С, D түрлөрү адамда билинбей пайда болуп, көп убакыт дарылоону талап кылат. Ошондой эле анын өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар.