Кыргызстанда үй тибиндеги 271 бала бакча иштеп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Мухтар Баймурзаев билдирди.
Анын айтымында, мындай мекемелерде 6 228 бала тарбияланып, 800дөн ашык кызматкер эмгектенип жатат.
Агартуу министрлигинен белгилешкендей, үй тибиндеги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки мекемелер көбүнчө ижарага алынган имараттарда жайгашкан.
Атап айтканда:
Имараттар жеке жактарга таандык жана аларды ижарага алуу акысы мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт.