Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы туруктуу

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы туруктуу, мунай заттын кору жетиштүү көлөмдө бар. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов «Кабар» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга карабастан, учурда Кыргызстанда мунай продуктуларынын баасында өзгөрүүлөр болгон жок. Бирок, эгер бул чыңалуу дагы узакка созула турган болсо, дүйнөлүк рыноктогу баалардын өзгөрүшү өлкөгө өз таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү мунай зат компаниялары кадимки режимде иштеп жатат. Мунай базаларында жана май куюучу жайларда калдыктар жетиштүү, жеткирүү иштери үзгүлтүккө учураган жок.

Канат Эшатов белгилегендей, азыр компаниялар март айына карата түзүлгөн келишимдердин негизинде мунай продуктуларынын басымдуу бөлүгүн Россиядан алып келүүдө.

«Биз бааларга байкоо жүргүзүп, Лондон жана Нью-Йорктогу биржалардагы көрсөткүчтөрдү карап жатабыз. Учурда ал жакта «Brent» маркасындагы мунайдын баасы 79 долларга чейин чыкты. Бирок биздин компаниялар азырынча ал баа менен келишим түзө элек. Компаниялар мунай иштетүүчү заводдор менен түзгөн келишимине жараша баалар жума сайын же он күндө бир жолу коюлуп турат. Азыр компаниялар март айына карата түзүлгөн келишимдердин негизинде мунай заттардын көпчүлүк бөлүгүн Россиядан ташып келүүдө. Ошондуктан бизде баадагы абал туруктуу. Жыл сайын биз Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен меморандум түзөбүз. Жазгы талаа жумуштарына күйүүчү-майлоочу майлардын корлору жетиштүү көлөмдө», — деди ал.

3 Март 2026 жыл 14:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча