Кыргызстанда кылмыштуулук 7%га азайган

2023-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанда кылмыштуулук 7%га азайган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы республика боюнча 41 961 кылмыш катталган, бул 2022-жылга салыштырмалуу 7%га аз.

«Анын ичинен 4 миң 968и оор жана өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кирет. Катталган кылмыштардын 65%ынын бети ачылып, өндүрүштө болгон кылмыш иштеринин ачылышы 17%га өскөн», — деди ал.

Ошондой эле башкы прокурор 2023-жылы тергөө органдары тарабынан 28 миң 289 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, 9 миң 603 кылмыш иши соттук кароого жиберилсе, 18 миң 685 кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылганын белгиледи.

31 Январь 2024 жыл 16:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча