Кыргызстанда “Өлбөс полк” акциясы 9-майда өтөт

 Кыргызстанда “Өлбөс полк” акциясы 9-майда өтөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Афган согушунун жана куралдуу чыр-чатактардын «Күжүрмөн бир туугандык» ардагерлер коомдук кыймылынын төрагасы Абдыгул Чотбаев билдирди.

Ал белгилегендей, ошол эле учурда Бишкекте парад 8-майда өтөт. “Мамлекет башчысы Москвадагы парадга чакырылган, буга байланыштуу парадды 8-майда өткөрүү чечими кабыл алынган“, — деп түшүндүрдү ал.

«Өлбөс полк – Кыргызстан» кыймылынын Бишкектеги координатору Зулфира Хайбуллина белгилегендей, жүрүш кадимки тартипте өтөт. “Старт Түштүк дарбазадан саат 09:00дө берилет. Акциянын катышуучулары Түштүк дарбазадан тарта Байтик баатыр көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Фрунзе көчөсү менен жүрүп отуруп, Жеңиш аянтына келет”, — деди ал.

Хайбуллина кошумчалагандай, жөө жүрүш өлкөнүн бардык аймактарында өтөт.

15 Апрель 2025 жыл 13:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча