Кыргызстанда медициналык билим берүүнүн сапаты жакшырды. АзМИ нин 85 студенти эл аралык экзаменди жогорку деңгээлде тапшырды

Кыргызстантандан медициналык билим алган 90 го жакын чет элдик студенттер  «PMDC» өткөргөн NRE 1 2024 Эл аралык экзаменин ийгиликтүү тапшырып, эн жогорку көрсөткүчкө менен алдыга чыгышкан.

Бул студенттерди Саткынбай Тентишев атындагы АзМИ окуткан.  

Мындай көрсөткүчкө Кыргызстан сыймыктана турган жагдай. Анткени, буга чейин Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты начар деген маалыматтарды аталган окуу жайдын студенттеринин жетишкендиктери четке какты.

Аталган окуу жайдын 90 го жакын студенти бир учурда экзаменден өтүшкөн. Мындай көрсөткүч буга чейин болгон эмес.

АзМИ медициналык билим берген жеке окуу жайлардын арасынан эң алдыңкы орунда турат.

17 Июнь 2024 жыл 10:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча