Кыргызстанда мобилдик телефон абоненттеринин саны 8 миллионго жакындады

Кыргызстанда мобилдик телефон тармактарынын абоненттеринин саны 7 миллион 848 миңге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 7-май – Байланыш кызматкерлеринин күнүнө карата жарыялаган маалыматта айтылат.

Он жылча мурдараак Кыргызстанда уюлдук телефон колдонгондордун саны 6 миллиондун тегерегинде болгон.

Стационардык телефон колдонгондордун саны бул убакытта тескерисинче кыскарган. Он жылча мурдараак анын абоненттери 459 миңдин тегерегинде болсо, учурда 142 миңге түшүп калды.

7 Май 2026 жыл 13:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча