Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүүдө рекорддук көрсөткүчтөргө жетишти.
Ведомствонун маалыматына караганда, быйылкы жылдын июнь айына карата асфальт төшөө иштеринин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 3,2 эсеге өстү.
Курулуш иштеринин динамикасын төмөнкү көрсөткүчтөрдөн көрүүгө болот:
Мындай өсүш жолдорду куруу жана калыбына келтирүү иштери өткөн жылга салыштырмалуу 3,2 эсеге көбөйгөндүгүн тастыктайт.
Транспорт министрлиги учурда өлкө аймагындагы жол курулуш иштеринин сапатын жана жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү улантууда.
“Бул багыттагы иш-чаралар Кыргызстандын логистикалык потенциалын арттырууга жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган”, — деп айтылат маалыматта.