Кыргызстандан XXV Кышкы Олимпиада оюндарына 2 спортчу катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар улуттук курама команданын мүчөлөрү Тимур Шакиров (тоо лыжасы) жана Артур Сапарбековдор (лыжа жарышы).
Бүгүн Олимпиада оюндарына катышуучу спортчуларды узатуу иш-чарасы өтүп, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Умбеталы Кыдыралиев жана машыктыруучулар катышты.
Иш-чаранын алкагында Казыбек Молдажиев Артур Сапарбековго Кыргызстандын мамлекеттик туусун тапшырып, ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, XXV Кышкы Олимпиада оюндары 6-22-февраль күндөрү Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтөт.
Мелдештердин программасына ылайык, Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат.
Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде (коньки тебүү ыкмасы менен) өтүүчү жарышка 13-февралда чыгат.