Кыргызстандык окуучулар Кытайда өткөн олимпиадада 6 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен:
«Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Ян Бобрус — күмүш:
Эл аралык UWIS мектебинин окуучусу Элдар Искандеров — коло;
Жайыл Баатыр атындагы лицейдин окуучусу Искен Кенжебаев — коло;
Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОКнын окуучусу Назар Киргизбаев — коло;
№70 ОТК МГнын окуучусу Султан Мусаходжаев — коло;
«Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Нурсултан Эшперов — коло медалга ээ болушту.
Команданын жетекчилери Мамат Ишматов, Тимур Мамбетов, Бекжол Жолдубай уулу.
Белгиленгендей, 15-июндан 4-июлга чейин Кыргызстандын командасы Кытайдын Пекин шаарында IMSC жайкы программасына катышып, Англиянын Бат шаарында өтө турган Эл аралык математикалык олимпиадага (IMO) даярданышты.
Учурда Кыргыз курама командасы Англияга жөнөп кетти.