Кыргызстандык окуучулар Ташкентте эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңип алды 

Кыргызстандык окуучулар TASIMO Ташкент эл аралык математикалык олимпиадасында жалпы 7 медаль жеңип алышты.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен төртөө күмүш, үчөө коло медаль.

Күмүш медаль ээлери:

– Назар Киргизбаев жана Айдин Асанкадыров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучулары;
– Нурсултан Эшперов жана Сейит Рыскулов, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучулары;

Коло медаль ээлери:

– Нурдөөлөт Капаров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучусу;
– Тимур Акенеев, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 9-классынын окуучусу;
– Султан Мусаходжаев, №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу.

Олимпиадага кыргызстандык окуучуларды математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

17-20-майда TASIMO Ташкент эл аралык I математикалык олимпиадасына 10 өлкөдөн 300дөн ашуун окуучу катышты.

27 Май 2024 жыл 17:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча