Кыргызстандык оор атлетчилер эл аралык мелдеште 18 медаль утту

Кыргызстандын оор атлетика боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы эл аралык мелдеште 18 медаль утту. Анын 11и алтын, 5 күмүш жана 2 коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

В.Ю.Пактын жаркын элесине арналган Казакстандын Көкшетау шаарында 18-25-декабрь күндөрү өткөн.

Алтын медаль ээлери:

  • 55 кг Арсен Өмүржанов (өспүрүмдөр арасында);
  • 67 кг Талант Туратбеков (жаштар арасында);
  • 73 кг Нурчолпон Нурланбек уулу (жаштар арасында);
  • 81 кг Азамат Жайлообек уулу (өспүрүмдөр арасында);
  • 81 кг Дилмурад Кубанахун уулу (чондор арасында);
  • 89 кг Айтегин Жолдошкулов (өспүрүмдөр арасында);
  • 89 кг Рыскелди Алишеров (жаштар арасында);
  • +102 кг Элдар Төлөмүшов (өспүрүмдөр арасында);
  • 67 кг Аскат Канатбеков (өспүрүмдөр арасында);
  • 61 кг Эрбол Сарпашев (өспүрүмдөр арасында).

Күмүш медалдын ээлери:

  • 89 кг Арслан Молдодосов (кичи өспүрүмдөр);
  • 55 кг Мухамемед Миназаров (өспүрүмдөр);
  • 59 кг Айдай Курбанбек кызы (жаштар арасында);
  • 89 кг Тургунбек Шаршеев (жаштар арасында);
  • 49 кг Арсен Шарипов.

Коло уткандар:

  • 67 кг Хамза Самидинов (өспүрүмдөр арасында);
  • 55 кг Турдубек Калыбеков (өспүмдөр арасында)
28 Декабрь 2023 жыл 9:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча